Бишкекте 8 жашар кыз “уюлдук телефон уурдаган” деп шектелүүдө

Бишкекте 8 жашар кыз “уюлдук телефон уурдаган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, баш калаанын 40 жаштагы У.Айнура аттуу тургуну милицияга кайрылган. Анда ал Чыгыш-5 кичи районундагы чачтарачканалардын биринен кымбат баалуу уюлдук телефонун белгисиз бирөө уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектелип 8 жашар Т.Асылжан аттуу кыз мыйзамдуу өкүлдүн коштоосунда кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Desmond
2014-04-28 17:31:02
Кичине кыз экен да
0
Dadin
2014-04-28 17:37:10
20 жылга камап ийгиле эми,ойноп алып алса керек да жаш бала
+3
tynara81
2014-04-28 19:00:24
8 жаштагы кыз телефондун кымбат, арзанын билеби, көзүнө жакшынакай көрүнүп кетсе алып алды да. Чөнтөгүнөн же сумкасынан уурдады бекен.
Ата-энелер балдарга бирөөнүн буюмун сурабай алба деп кулагына куюп туруш керек да.
0
Sharipa-asia
2014-04-28 23:55:44
Камаш керек ха-ха
0
asiret
2014-04-29 09:04:52
Жаш кыз сумкасынан уурдап ала алмак беле. Бир жерде унутуп калган да, анан жанакы кыз таап алса керек
0
koreyanka
2014-04-29 10:35:00
даа козуно жакшы корунсо керек психологиясына доо кетирбеш керек
+1
Kara_kyrgyz
2014-04-29 11:08:24
уюшкан кылмыштуу топтун мучосу болсо керек допрос кылышсын!
0
sarbo
2014-04-29 11:12:35
чоон кылмышкерди туткансып суйунчулобой ата-энесине эле айтып тим болсонор болотда,жаш балада кызыгып алгандыр,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан