Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 28-апрелиндеги жыйынында этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келүү процессин жакшырта турган мыйзам долбоору колдоо тапты.
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, 2014-жылдын 1-январына карата өлкөдө жарандыгы жок 9 миңден ашуун адам жашайт. “Алардын 60 пайызы өздөрүнүн тарыхый мекенине Тажикстандан, 20 пайызы Өзбекстандан келишкен”,- дейт министр.
Алымкулов кайрылмандардын иммиграциясына квоталарды бекитүү ыйгарым укугун өкмөткө берүү тууралуу мыйзамдарга түзөтүү киргизилип жатканын айтат. Азыркы кезде бул квота өкмөт тарабынан аныкталып, Жогорку Кеңеш бекитет.