Саламаттыкты сактоо тармагындагы гранттык келишимдин долбоорун парламенттин тийиштүү комитети колдоду

Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык келишимдин долбоору колдоого ээ болду. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын айтымында, Дүйнөлүк банк келишим алкагында 11 миллион 963 500 доллар бөлүүдө.

“Гранттык каражаттын 40 пайызы ооруканалардын имараттарын курууга жана оңдоого жумшалат. Ал эми 60 пайызына медициналык жабдуулар сатылып алынмакчы. Каражат 4 багытта жумшалат: эне менен баланын ден соолугун сактоого, жүрөк-кан тамыр ооруларынан, ВИЧтен жана кургак учуктан коргоого”,- дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан