28-апрелден 30-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-135 жана 198-250-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Буга байланыштуу адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүдө.