Барак Обама: "Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө даярбыз"

АКШнын президенти Барак Обама Орусияга каршы санкцияларды кеңейте турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде чет элдик маалымат булактары жарыялашты.

Обаманын белгилешинче, жаңы санкция Орусияга жайылтылып жаткан жогорку технологиядагы продукцияга карата болот жана ал Орусиянын Украинадагы каатчылыкка мамилесин өзгөртөт. АКШ президенти Вашингтон санкцияларды банк мамилесине жана өнөр жай секторуна киргизиши мүмкүн экенин кошумчалайт.

Эскерте кетсек, 27-апрелде АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин төрагасынын жардамчысы Тони Блинкен бул санкциялар Владимир Путиндин жакын, ишенимдүү адамдарын камтый тургандыгы тууралуу билдирүү тараткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан