Жыл башынан бери диний-экстремисттик маанайдагы 73 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 25-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылга караганда көп. Алсак, 2013-жылдын биринчи кварталында 66 факты катталган. Булардын ичинен 44 фактыга кылмыш иши козголду. Ал эми диний-экстремисттик маанайдагы 2057 материал алынды. Учурда республикада ар кандай диний-экстремисттик уюмдардын 1678 мүчөсү каттоодо турат.