“Биз үчүн эң жакшы конок – инвестор” деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 28-апрелде банктардын биринин жетекчилери менен жолугушууда. Айтымында, өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга аракет жасап жатат. “Өлкөнү өнүктүрүү үчүн экономикалык абалды жакшыртуу шарт. Инвесторго бардык шартты түзүп беришибиз керек. Акчаны электрондук түрдө айлантуу көмүскө экономиканы азайтат. Ошондуктан бул багытта иштерди күчөтүү кажет”,- деди Оторбаев.