29-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачындын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +18°C, түнкүсүн +7°C
Талас облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +6°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +21°C, түнкүсүн +12°C
Баткен облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +6°C
Нарын облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +6°C
Бишкек шаары. Күндүз +17°C, түнкүсүн +6°C
Эскертүү! 28-апрелден 30-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
2014-жылдын 28-29-апрелинде Кыргызстанда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу сакталат, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.