Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети бүгүн, 28-апрелде Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрүп, сот имараттарынын абалын көрүп чыгышты. Депутаттар Баткен облусундагы сот имараттарынын абалы, материалдык-техникалык жактан жабдылышы менен таанышышты.
Баткен райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Исмаилбек Каримжанов райондук соттун имараты 1958-жылдан бери оңдолбогонун билдирди.
Аймакта мыкты адистердин жетишсиздигин Баткен облустук сотунун төрагасы Сооронбай Карабаев белгилегенин билдирет ЖКнын маалымат кызматы. “Соттук департамент тарабынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каражат бөлүнбөгөндүктөн, электр кубаты менен байланыш каражаттарына болгон карыз өсүп жатат”,- дейт Карабаев.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында Баткен облустук сотторунун судьялары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди комитеттин алдыдагы жыйындарында талкуулоо менен тиешелүү ведомстволорго тапшырма берүү чечими кабыл алынды.