Бүгүн, 28-апрелде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Ооганстан президенти Хамид Карзайга суу ташкындын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда “Ооганстандын түндүгүндө суу ташкындын кесепетинин көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым” деп айтылат.
Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин каалады.