Бишкекте 10 миң доллар өлчөмүндө пара алган ЖОЖдун окутуучусуна козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин 10 800 АКШ доллар өлчөмүндө пара алды деп кармалган окутуучусуна козголгон кылмыш иши сотко ашырылды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди. А.Т.Кунтаеванын арызынын негизинде аталган кызмат изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен 2012-жылдын 17-сентябрынан КОСУнун философия кафедрасынын окутуучусу Т.Жга карата кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайында кармалып келген. Окутуучу Т.Ж. төрт талапкерден (абитуриент) "медицина факультетине өтүүңөргө көмөктөшөм" деп 10 800 доллар акча алган. Алардан "ЖОЖго өтпөй калдыңар" деп маселени чечүү максатында дагы 2000 доллар сураган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан