Жылнаама, 29-апрель: Мындан 73 жыл мурун Фрунзе-Токмок темир жол линиясы ишке киргизилген

* Мындан 136 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1878-жылы 29-апрелде Токмок шаарында орун алган уезддик борбор Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар статусу анын өсүүсүнө жол ачып, ХХ кылымдын башында Пишпекке 40ка чукул көчө түшкөн. 1885-жылы Пишпекте 2227 киши болсо, 2013-жылы алардын саны миллионго жеткен.
* 1941-жылдын 29-апрелинде Кыргызстандын эки шаарын, Фрунзе-Токмокту бириктирген биринчи темир жол линиясы ишке киргизилген. Фрунзе шаарынан чыккан поезд саат 12:30да Токмокко келген. Аны токмоктуктар салтанат менен тосуп алышкан. 
Темир жол багыты жалаң кол эмгегинен бүткөрүлүп, анын ишине Чүй өрөөнүнүн калкы тартылган. Мындан улам салтанатка келген калк да темир жолдун курулушун эмгектин жемиши катары баалаган.
 * Мындан 22 жыл мурун "Биз" тобу алгачкы музыкалык альбомун чыгарган. Бул топ алгач 1988-жылы Политехникалык институтунун атынан кароо-сынактарга катыша баштаган. Альбом "Периштем" деп аталып, "Периштем", "Сагынам", "Жоогазын", "Айперим", "Себелеп", "Таң чолпон жылдызы", "Студентка кыз", "Алия" жана "Айнура" деген аталыштардагы тогуз ырдан турган. 1992-жылдын 4-5-июнь күндөрү борбордогу Улуттук филармонияга уюштурулган "Биз" тобунун "Ак жол сага, периштем" аттуу концерти аншлаг менен өтүп, биринчи ийгилиги жүз берген. Суроолор боюнча эки жумадан кийин кайра эки күн ошол эле жерде концерт уюштурулат. Кайрадан элдин аягы үзүлбөй, филармониянын эшиги талкаланып, туруп көргөнгө да орун калбай калган. 
 2011-жылдын 29-апрелинде ханзаада Уильям менен жубайы Кэтрин Элизабеттин үйлөнүү тою болуп өткөн. 29 жаштагы ханзаада Уильям Артур Филипп Луис тойдон кийин ханыша чоң энесинин буйругу менен Кембриж герцогу, Стратерн (Шотландия облусу) графы, Каррикфергюс (Түндүк Ирландия району) барону болуп калган. Уильям ханзаада Чарльз Уэльский менен анын биринчи жубайы – ханбийке Диананын уулу, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин небереси болгон.
Кэтрин Элизабет турмушка чыккандан кийин Кембриж герцогинясы деп аталган. Бирок ак сөөктүн тукуму болбогондуктан, ханбийке титулу ыйгарылган эмес. 29 жаштагы Кейттин апасы Элизабет стюардесса, ал эми атасы Майкл авиадиспетчер болуп иштеген. 1987-жылы үй-бүлө "Party Pieces" аттуу компания түзүп, анын артынан миллионер болушкан.
Жылнаама толугу менен бул жакта...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан