Улуу британиялык багбан Питер Глейзбрук 27 килограмм 485 грамм түстүү капуста өстүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жашылча эксперттер тарабынан таразага тартылып, ченелген. Алардын изилдөөсү боюнча, бул дүйнөдөгү эң чоң түстүү капуста деп табылды. Буга чейин чоң көлөмдөгү капуста 1999-жылы британиялык дыйкан тарабынан өстүрүлүп, анын салмагы 24 килограмм 600 граммды түзгөн жана ал "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган.
Азырынча Глейзбрук бул жашылчасын "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү үчүн арыз жаза элек. Ал буга чейин да ири көлөмдөгү кызылча, пияз, помидор өстүрүп, бир нече көргөзмөлөргө катышкандыгы белгилүү.