Өкмөт: Таластык дыйкандар 309 миллион сомдой насыя алышты

Кыргызстанда 28-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында дыйкандар 3 миллиард 300 миллион 64 миң сом жеңилдетилген насыя алышты. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Насыя 9799 жаранга берилгени айтылды. Насыя алуулардын көрсөткүчү аймактар боюнча төмөнкүдөй:

Чүй облусунда 759 миллион 021 миң сом;

Ысык-Көл облусунда 367 миллион 409 миң сом;

Талас облусунда 309 миллион 912 миң сом;

Нарын облусунда 255 миллион 938 миң сом;

Жалал-Абад облусунда 582 миллион 155 миң сом;

Ош облусунда 502 миллион 938 миң сом;

Баткен облусунда 226 миллион 256 миң сом. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан