Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Өкмөт үйүнө өкүрүп барышкан маданият ишмерлери менен жолугушту

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 28-апрелде нааразычылык акциясына чыгышып, Өкмөт үйүнө өкүрүп барышкан маданият ишмерлери менен жолугушту. Алардын катарында Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз жана башкалар бар.

Жолугушууда маданият өкүлдөрү учурдагы маданият тармагынын абалы боюнча маалымат беришип, акыркы жылдары маданият менен искусствого тиешелүү көңүл бурулбай калганын айтышты. Маданият тармагындагы адистерди дайындоодо жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясынын түзүмүнө көңүл бурууну суранышты.

Алардын пикирин уккан Эльвира Сариева маданият тармагынын өкүлдөрүн биргелешип иштөөгө чакырды. “Биз маданият жана искусство тармагынын ишмерлери менен маданият тармагындагы мыйзамдарды жакшыртуу, чыгармачыл союздардын өнүгүүсүнө жардам берүү үчүн, маданияттын жаш ишмерлерине колдоо көрсөтүүгө, маданият тармагында мамлекеттик-жеке механизмди колдонууну жайылтуу максатында жолугушууларды уюштурабыз”,- деди вице-премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан