Жоомарт Оторбаев БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун башкы директору Ли Юн менен жолугушту

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 28-апрелде БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун башкы директору Ли Юн менен жолугушту. Оторбаев 1994-жылдан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн аталган уюмга ыраазычылык айтты. “Биз соода байланышы, энергетика, туризм жана агроөнөржай тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну күчөтүшүбүз керек”,- деди өкмөт башчы.

Өз кезегинде Ли Юн Жоомарт Оторбаевди премьер-министр болуп шайланышы менен куттуктап, аталган уюм менен Кыргызстандын кызматташтыгын кеңейтүүгө даяр экенин айтты. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан