Баткендеги чек ара чатагы боюнча Өзбекстандын Чек араны коргоо комитети кыргыз тарапты күнөөлөп чыкты

5-январда орун алган Баткен облусундагы чек ара чатагы боюнча Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитети кыргыз тарапты күнөөлүү деп эсептейт. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы өзбек маалымат агенттиктерине билдирди. Аталган органдын өкүлдөрү окуя болгон "Чарбак" чек ара постунда болушуп, анда өзбек чек арачылары кыргыз тарап электр чубалгыларын тартып өтмөкчү болгон аймак Өзбекстанга караштуу экенин айтышкан. Бирок иш токтобой улана бергендиктен, эки тараптын ортосунда чыр чыккан маалда кыргыз чек арачылары ок атып Өзбекстандын 5 жаранын жарадар кылган. Ошондой эле окуя болгон жерге барган Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаков менен Чек ара кызматынын өкүлү Н.Керимканов күнөө кыргыздар тарапта экенин моюнга алып, электр зымын тартуучу зым карагайлар туура эмес орнотулганы үчүн кечирим сурашканын маалымдады аталган комитеттин басма сөз кызматы. Учурда Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан окуя боюнча кылмыш иши козголгону да маалымдалды.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан