Бүгүн, 29-апрелде Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы Совет көчөсү менен Ош-Бишкек унаа жолунун кесилишиндеги жол жээгинен эртең мененки саат 07:30 чамасында белгисиз адамдын өлүгү табылды. Болжол менен 55-60 жаш чамасындагы адам европа улутуна түспөлдөш.
Окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, аны белгисиз бирөө унаасы менен сүзүп алып, жол жээгине сүйрөп барып таштап койгон.
Учурда сөөк табылган жерде укук коргоо кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.