Депутат Роза Акназарова өлкөнүн тышкы карызы темасында журналисттерге маалымат берет

Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова бүгүн, 29-апрелде парламентте маалымат жыйын өткөрөт.

Жыйындын темасы: Мамлекеттик тышкы карыз алууга жогорку чек киргизүү менен экономикалык коопсуздукту камсыздоо.

Анда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна түшүндүрмө берилет.

Бул мыйзам долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард доллардын тегерегинде экенин айткан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан