Канаданын Эл аралык иштер боюнча департаменти Орусиянын ондогон саясатчысына санкция киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Канаданын жергиликтүү маалымат булактарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Санкцияга туш болгондордун ичинде: Орусиянын Президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Вячеслав Володин, вице-премьер Дмитрий Козак, президенттин Крым федералдык аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Олег Белавенцев, Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төргасы Алексей Пушков, Мамлекеттик Думанын төрагасынын мурдагы орун басары Александр Бабаков жана Владимир Жириновский бар. "Аты аталгандарга Канаданын аймагына кирүүгө тыюу салынды" деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Евробиримдик өзүнүн кеңейтилген санкциясына 15 орусиялыкты кошорун билдирген. Ал эми АКШ 17 компанияны жана 7 Орусиянын жаранын кошо турганын жарыялаган.