Парламенттин бир катар комитеттери бүгүн өкмөттүн отчётун угат

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринде өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулат. Социалдык саясат комитетинде вице-премьер-министр Эльвира Сариева баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берсе, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баяндама жасайт. Мындан башка комитеттерде да талкууланат. Комитеттер карап бүткөндөн кийин өкмөттүн отчёту парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан