28-апрелде Балыкчы-Бишкек жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 29-апрелде билдирди.
Маалыматтарга караганда, Балыкчы-Бишкек жолунун 7-чакырымында, Кубакы жол тилкесинде Фольксваген Пассат В-4 жана Тойота Марк-2 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Тойота Марк-2 унаасында 5 адам болгон. Аларга ӨКМнын кызматкерлери тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Кочкор районунун ооруканасына жеткирилген. Фольксваген Пассат В-4 унаасында да 5 адам болгон. Алардын арасындагы Венера аттуу айым жана Жаныбек аттуу жигит окуя болгон жерден каза болушканы маалымдалды. Кырсыктын себеби такталууда.