Бишкекте “Тазалык” муниципалдык ишканасынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ала-Арча көчөсүндөгү “Тазалык” муниципалдык ишканасынын аймагында кароолчулар жашаган 6 чарчы метр болгон темир үй күйүп кеткен. Кырсык тууралуу маалымат Өрткө каршы кызматына 04:38де келип түшүп, 05:26да өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Кырсык электр шаймандарын колдонуудагы этиятсыздыктан келип чыкканы аныкталды.