Дамира Ниязалиева: “Дарыларды кошумча нарк салыгынан бошотуу же бошотпоону өкмөт өзү чечет”

Кыргызстанга киргизилген дарыларды кошумча нарк салыгынан бошотуу же бошотпоону өкмөт өзү чечет. Муну бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирди. “Маалыматты тактап туруп таратуу керек. Менимче, дарыларды өлкөгө киргизүүдөгү кошумча нарк салыгы боюнча мыйзам бузуулар болгонун азырынча көрө элекмин”,- деди Ниязалиева.

Айта кетсек, буга чейин айрым депутаттар дарыларды кошумча нарк салыгынан бошотуу менен бюджетке ири суммадагы киреше түшпөй калганын билдиришип, ага айрым чиновниктердин катыштыгы бар экенин айтышкан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан