Депутаттар мамлекеттик кызматкерлердин ооруну шылтоолоп ишке чыкпай жатканын сынга алышууда

Парламентте депутаттар мамлекеттик кызматкерлердин ооруну шылтоолоп, ишке чыкпай жатканын сынга алышууда. Социалдык саясат комитетинин 29-апрелдеги жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева буларды билдирди. “Кызматкерди кызматтан бошото турган болсо, ал кызматкер ооруканага жатып алууда. Сакайып чыккандан кийин иштен алайын десе, кайра ооруканага жатат. Ушуга чек коюшубуз керек. Кызматкер 4 ай ишке чыкпаса, иштен айдала турган норманы 2 ай деп кыскартууну сунуштайм. Ооруп, 2 ай ишке чыкпаса, анда майып деп эсептешибиз шарт”.

Сунушка башка депутаттар да макул болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан