"Өзүнүн өгөй кызын зордуктаган" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга 18 жаштагы К.Ыкыбал аттуу борбор шаардын тургуну кайрылып, өгөй атасы күч колдонуп зордуктаганын маалымдаган. Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 47 жаштагы шаар тургуну Ж.Арстанбек колго түшүрүлгөн. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.