Ыргал Кадыралиева “тендерлерден дайыма Кытай утуп алат” деп нааразылык айтты  

Эл аралык тендерлер жарыяланса, сөзсүз Кытай жеңип алат”,- деп нааразылык билдирди бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева.

Анын айтымында, чет өлкөдө эмгектенген мекендештерибизди Кыргызстанда иштетүүгө шарт бар. “Тендер жарыялоодо Кыргызстан бир нерсеге көңүл бурушу керек. Канчалаган тендерлер жарыяланбасын, ага бөлүнгөн акчанын көбүн инвесторлор өздөрүнө пайдаланышууда. Кытайлар иштетип жаткан ишканага барып келдик. Анда ширетүүчүсү да, эсепчиси да Кытай жараны экен. Эмне, Кыргызстанда эсепчилер жокпу?”- деди ал. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан