Парламентте депутаттар саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевадан депутат Карганбек Самаков алып келем деген 10 гемодиализ жабдуусун иштетүүгө эмне үчүн каршы чыгып жатканын сурашты. Министр Динара Сагынбаева буга төмөнкүчө жооп берди:
“Депутат Карганбек Самаков 10 гемодиализ жабдуусун алып келерин айткан. Жабдууларды иштетүүгө шарт жок. Аларды орнотуп, иштетүү үчүн бир жылга 53 миллион сом керек. Бул акча 2014-жылдын бюджетинде каралган эмес. Каржы министрлиги "башка ыкмаларды карап көргүлө, мындай акча бере албайбыз" деди. 10 гемодиализди иштеткиче жеке тармактардын кызматын сатып алуу арзан түшкөнү жатат”.