Кыргызстанда 22 райондогу ооруканаларды оңдоого гранттык каражат алуу демилгесин Социалдык саясат комитети колдоду

Парламенттин Социалдык саясат комитетинин 29-апрелдеги жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык келишимдин долбоору колдоого ээ болду. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын айтымында, Дүйнөлүк банк келишим алкагында 11 миллион 963 500 доллар бөлүүдө.

“Гранттык каражаттын 40 пайызы ооруканалардын имараттарын курууга жана оңдоого жумшалат. Ал эми 60 пайызына медициналык жабдуулар сатылып алынмакчы. 22 райондун ооруканалары оңдолот. Алар кайсы райондор экени азырынча белгисиз”,- дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан