Чек ара чырына байланыштуу Бишкекте баткендиктер митингге чыгышты
Бүгүн, 7-январда Ак үйдүн алдына Баткен облусунун
Бишкекте жашаган 50дөй
тургуну митингге чыгышты. Алар кыргыз бийлиги тараптан токтоосуз чаралардын көрүлүшүн талап кылышып, барымтага алынган адамдардын саны расмий маалыматтарда айтылып жаткандан алда канча көп экенин билдиришти. Митингге чыккандар Сох анклавында буга чейин да мындай чырлар болуп келгенин, аларга бийлик тараптан олуттуу көңүл бурулбагандыктан, азыркыдай кырдаал жаралып жатканын баса белгилешти.