Алиясбек Алымкулов "этникалык кыргыздар тарыхый мекенине кайтып келгенден кийин байкуш болуп калышууда" деди  

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 29-апрелдеги жыйынында этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келүү процессин жакшырта турган мыйзам долбоору талкууланууда. Маселе боюнча эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов баяндама жасады.  

Алымкуловдун айтымында, 2014-жылдын 1-январына карата өлкөдө жарандыгы жок 9 миңден ашуун адам жашайт. “Этникалык кыргыздар тарыхый мекенине кайтып келгенден кийин байкуш болуп калышууда. Колунда бир кагазы жок болгону үчүн алар менен эч ким сүйлөшпөйт. Аларга шарт түзүп берүү үчүн ушул мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз”,- дейт министр.

Алымкулов кайрылмандардын иммиграциясына квоталарды бекитүү ыйгарым укугун өкмөткө берүү тууралуу мыйзамдарга түзөтүү киргизилип жатканын айтат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан