Социалдык саясат комитети этникалык кыргыздардын көйгөйүнө байланышкан мыйзам долбоорун артка кайтарды  

Парламентте депутаттар этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келгенден кийинки жашоосуна кам көрүүгө багытталган мыйзам долбоорун артка кайтарышты. Социалдык саясат комитетинин 29-апрелдеги жыйынында Дамира Ниязалиева мыйзам долбоорунда каржы маселеси каралбаганын айтып чыкты. 

“Этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келишин колдойбуз, аларга шарт түзүп бериш керек. Бирок каржы бөлүнбөсө, кантип аларга шарт түзөбүз? Мыйзам долбоорунун алгач каржы маселеси чечилет. Силер мыйзамды кабыл ала берели, андан кийин каржы маселесин чечебиз деп жатасыңар”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан