Парламентте этникалык кыргыздардын маселеси талашка түштү

Парламенттин Социалдык саясат комитетинин 28-апрелдеги жыйынында Кыргызстанга кайтып келишкен этникалык кыргыздарга шарт түзүп берүү маселеси талаш жаратууда.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздардын саны жыл сайын өсүүдө. Ал үчүн атайын даярдалган “Кайрыман” программасын ишке ашыруу маселеси турат.

Кайрыман” программасы даярдалып жатат, кийинки жылы парламент тарабынан кабыл алынышы керек. Анткени кайрымандардын саны көбөйүп жатат. Программа ишке ашып калса, аларга шарт түзүп берүү жагы чечилет”,- деди министр.

Ал эми комитет төрайымы Дамира Ниязалиева: Этникалык кыргыздардын үйү же жери жок. Андан сырткары пенсия, жөлөк пул ала алышпайт. Эгерде мындай боло турган болсо, өкмөт ачык айтышы керек, “бизге келгиле, бирок эч кандай шарт түзүп бере албайбыз” деп”,- деди.

Мыйзам долбоору макулдашуу үчүн күн тартибинен алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан