Акыркы 3 жылдын ичинде тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздардын саны кескин өстү. Муну бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Айтымында, Өзбекстандан кайтып келген кыргыздар өтө көбөйдү.
“Аларга паспорт берүүгө үлгүрбөй жатабыз. Бул мыйзам кабыл алынса, аларга кам көрүүгө шарттар түзүлмөк”,- деди министр.
Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева “жетишип иштешиңер керек, иштейбиз деп келгенсиңер” деп билдирди.
Айта кетсек, комитет жыйынында "Кайрылман" программасын ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорун кароо күн тартибинен убактылуу алынды.