Бүгүн, 29-апрелде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө коллегиялык жыйын өттү. Анда Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу райондук салык кызматынын башчысы Сагын Жээнбековду сынга алды.
“Кара-Суу райондук салык кызматынын башчысы Сагын Жээнбеков облустук тил комиссиясы барган учурда столуна бутун чыгарып алып, тамеки чегип отуруптур. "Силер кимсиңер, эмне маселе менен келдиңер?" деп сурап да койбоптур. Сагын мырза, мамлекеттик ишкана сиздин атаңыздын менчиги эмес, сиз ашынып көөп кетипсиз. Жазган столуңузга бутуңузду коюп киши кабыл алганыңызды эмне деп түшүнсөк болот?”- деди облус башчы.
Айта кетсек, жыйында кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусу жана Ош облусунун социалдык экономикалык абалынын 3 айлык жыйынтыгы каралды.