Каржы министрлиги: “Этникалык кыргыздардын кайтып келишине байланышкан мыйзам долбооруна кошумча акча талап кылынбайт”  

Этникалык кыргыздардын Кыргызстанга кайтып келишине байланышкан мыйзам долбооруна кошумча акча талап кылынбайт. Муну бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Таалайбек Таткулов билдирди. Айтымында, 2014-жылдын бюджетинен кайрылман статусун алгандарга шарт түзүү боюнча ар бир министрликте тиешелүү акча каралган. "Быйылкы жылга тийиштүү акча каралган, бирок кошумча акча талап кылынбайт",- деди Таткулов. 

Жыйында депутат Дамира Ниязалиева мыйзам долбоорунун каржылык жагы чечилбегенин айтып сындаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан