Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы Транспорт жана коммуникация министрлигинде мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген сатып алуулар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары бар экенин ачыктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн 29-апрелде билдирди.
Маалыматтарга таянсак, 2013-жылы Транспорт жана коммуникация министрлигинин "Бишкек-Ош унаа жолу" мамлекеттик дирекциясы республикалык бюджеттин эсебинен унаа жолдоруна керектелүүчү каражаттарды сатып алуу боюнча тендер өткөргөн. Аталган тендерди квалификациялык талаптарга жооп бербеген “Рубин” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө жеңип алып, аталган дирекциянын жетекчилиги "Рубиндин" эсебине көп суммадагы акча которуп жиберген. Бирок керектелүүчү каражаттар ушул күнгө чейин келген эмес.
Бул иштен мамлекет 9 миллион сом зыян тартканы айтылды. Учурда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.