Ош шаарынын «Сулайман Тоо» мечитинде Ош шаардык казыяты «Мутакаллим» прогрессивдүү фонду менен биргеликте 40 жашка чейинки кыз-келиндердин ортосунда куран окуу жарышын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык жана Ош облустук казыятынын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамила Жапашованын айтымында, куран жарышы 5 жуптан жогоркулар катышкан, тагыраак айтканда, 5-30 жупка чейин жаттагандардын ортосунда өттү.
Сынакка жалпы 23 кыз-келин катышып, жыйынтыгында 30 жуптан 1-орунга Жазгүл Сатинбаева, 2-орунга Эргешова Ибадатхан, 20 жуптан 1-орунга Мадрахимова Бүмарям, 10 жуптан 1-орунга Гаипова Мархабо, 2-орунга Камалова Феруза, 5 жуптан 1-орунга Исамидинова Табассум, 2-орунга Имарали кызы Рахима ээ болушту.
Сынакта 1-2-орундарды ээлегендер Бишкекте өтүүчү республикалык куран жарышына катышууга жолдомо алышты.