Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн 2013-жылдагы отчёту боюнча чечим кабыл алууну кийинкиге калтырды

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 2013-жылдагы өкмөттүн отчёту тууралуу чечимди кийинки отурумга калтырды.

Жыйында өкмөт мүчөлөрүнө парламент тарабынан берилген тапшырмалар аткарылбай жатканы айтылды.

Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева: “Мен өкмөткө кургак учуктун күч алганын айтып, аны көзөмөлдөө боюнча тапшырма бергем. Бирок өкмөттөн ага карата бир да жооп болбой жатат”,- деди. 

Жыйынга депутаттардын суроолоруна өкмөт мүчөлөрү: вице-премьер-министр Эльвира Сариева, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жооп берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан