Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети өкмөттүн 2013-жылга карата отчётун жактырды. Мындай чечим комитеттин 29-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Ушундай эле чечимди ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети, Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети кабыл алды. Комитеттер карап бүткөндөн кийин маселе жалпы жыйынга чыгарылат.