Анарбек Калматов: “Коррупция менен күрөшүү боюнча мыйзамдарды айрым мамлекеттик органдар аткарбай жатат”  

Коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган мыйзамдарды айрым мамлекеттик органдар аткарбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 29-апрелдеги отурумунда комитет төрагасы Анарбек Калматов билдирди.Жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаменти тарабынан бир катар мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы талкууланды. 

Депутат Ташполот Балтабаевдин айтымында, Кыргызстанга дары-дармектин 27 миң түрү киргизилсе, анын 5 миңи гана лабораториялык көзөмөлдөн өтөт. Эл өкүлү белгилегендей, өлкөгө киргизилген дары каражаттарынын аттары тизме менен эмес, код аркылуу жазылат. Бул өз кезегинде коррупцияга жол ачып, тизмеде көрсөтүлбөгөн дары каражаттары да кирип кетиши мүмкүн экендигин тастыктайт. Комитет төрагасы Анарбек Калматов коррупцияны жок кылуу боюнча кабыл алынган мыйзамдарды айрым мамлекеттик органдар аткарбай жаткандыгын, тийиштүү жетекчилерди иштен бошотуу зарылдыгын билдирди. 

Жыйынтыгында өкмөткө аталган департаменттеги мыйзамга каршы келген чечимдерди тартипке келтирүү боюнча тапшырма берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан