Баткен. Сох анклавында барымтага алынган кыргыздар толук бошотулду
Баткен облусунун Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундары тарабынан барымтага алынган Чарбак айылынын тургундары толугу менен бошотулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Бүгүн, 7-январда эртең менен 14 аял эркиндикке чыгарылган болчу. Саат 16:50лөр чамасында барымтада кармалып турган калган 16 адам Баткен облустук укук коргоо органдары жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн анклавдын жашоочулары менен биргелешкен сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында барымтадан бошотулду. Мындай маалыматты Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирди.