Дастан Бекешев: “Электр энергиясындагы баалардын өсүшүнө каршымын”

Бүгүн, 29-апрелде парламент депутаты Дастан Бекешев электр энергиясынын баасынын өсүшүнө каршы экенин социалдык тармактар аркылуу жарыялады.

“Өкмөт электр энергиясынын бааларын кымбаттатууга ниеттенүүдө. Мен буга каршымын. Өкмөт алдын ала коррупциялык схемаларды жок кылып, бюджетти ачык-айкын кылсын”,- дейт эл өкүлү.

Эскерте кетсек, Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр менен жылытуунун тарифин газ менен жылытуунун тарифинин деңгээлине теңеп, 1 киловатт-саат үчүн 2,20 сомго жеткирүүнү пландап жатат. Мындан тышкары электр энергиясынын баасынын өсүшүн 2014-жылдын 1-июлунан тарта жыл сайын жогорулатып, 2017-жылга чейин 4 эсеге көбөйтүү сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан