Тамак-аштагы микроэлементтердин жетишсиздиги түйүлдүктүн көптөгөн ооруларына алып келүүдө

Кыргызстанда тамак-аштагы микроэлементтердин жетишсиздиги курсактагы балдардын көптөгөн ооруларына алып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү секторлор менен биргеликте өткөн талкууда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди.  

“Йоддун дефицити богокко алып келет. Ошондой эле балдардын боюнун, акыл-эсинин өрчүшүнө да терс таасирин тийгизет. Кыргызстанда йоддун толтурулуусу туз аркылуу болууда. Ал эми фолий кычкылдыгынын жетишсиздиги жаңы төрөлгөн ымыркайдын жүлүнүнүн чуркусуна алып келет”,- дейт М.Калиев.

Анын айтымында, дарыгердин кеңеши менен кош бойлуу аялдар сөзсүз түрдө темир, фолий кычкылдыгын, А, В жана башка витаминдерди пайдаланышы зарыл. Бул, биринчиден, дени сак балдардын төрөлүшүнө алып келет.

“Айрым мамлекеттерде энелердин 90 пайызы ымыркайларын эмизбейт. Кыргызстанда энелердин 60 пайызы балдарын эмизет. Бул ымыркайлар үчүн өтө пайдалуу. Андан сырткары 2 жашка чейин балдарга күлазык жана микроэлементтерди толтуруучу тамак-аштарга гана эмес, белоктук азык-түлүктөргө басым жасоо керек”,- деп кошумчалады министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ak_TiLeK
2014-04-29 16:45:37
Be bolsoda a man bololu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан