Эльвира Сариева “2013-жылы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө 59 миллиард 700 миллион сом бөлүнгөн” деди

Кыргызстанда 2013-жылы социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн 59 миллиард 700 миллион сом бөлүнгөн. Муну бүгүн, 29-апрелде парламент комитеттеринде өкмөттүн 2013-жыл үчүн отчётун угууда вице-премьер-министр Эльвира Сариева билдирди. Сариева жарандардын жакшы жашоосуна шарттарды түзүү өкмөттүн негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

“Былтыр пенсиянын көлөмү 4526 сомго чейин жогорулады. Бул 2009-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Бюджеттин тартыштыгына карабай өкмөт жакыр үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пул менен пенсияларды акырындык менен көтөрүүгө аракет кылууда”,- деди Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан