“Супер-Инфонун” камакка алынган кабарчысы Бахияна Сатылганова СИЗОдо ден соолугу начарлап, курсагындагы баласын жоготуу коркунучу жаралып, ооруканага түштү. Эске салсак, кесиптешибиз телеалпаруучу Н.Айтбекованы тамашага салууда жаңылыштык кетирип, козголгон кылмыш ишинен улам тергөө изоляторуна камакка алынган. Кылмыш иши козголгон күндөн тартып журналист Бахияна Сатылганова тергөө иштерин үзгүлтүккө учуратпай, чакырылган убакта барып жүргөн, качып кете турган жаран эмес эле. Бирок 2 жаштагы жаш баласы бардыгына, кош бойлуу экендигине, тергөөнү үзгүлтүккө учуратпаганына карабай, камакка алынган. Кыргызстанда өтө коркунучтуу, оор кылмыш ишин жасагандар деле кайсы бир себептерден улам үй камагында кармалган учурлар бар экени баарыбызга маалым. 25-декабрда “Супер-Инфонун” эмгек жамааты 2 жашар баласы бар, кош бойлуу аялды камакка алган соттун гумандуу эмес чечимине каршы нааразычылык акциясын жасап, ал окуяга байланыштуу кызматтан бошотулган эки кабарчы сот иши жыйынтыкталгыча кайрадан кызматка алынган. Ден соолугу начарлаган кесиптешибиздин эртерээк айыгып кетишине тилектешпиз.