Кыргызстанда “Аксы окуясынын баатыры” деген наам түзүү сунушталууда. Демилгенин автору – парламент депутаты Бакыт Төрөбаев. Депутаттын билдиришинче, аталган окуяда каза болгондордун жана жаракат алгандардын жакындары ушундай наам уюштурууну өтүнүшүүдө.
“Бул наамга кошумча акча талап кылынбайт. Эгер демилгени колдосоңор, мен тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгам. Алар (ред. жабырлануучулар) кошумча акча же компенсация талап кылышкан жок”,- деди Төрөбаев. Маселе бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралып, жыйынтыгында комитеттин бөлүмүнө тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Эскерте кетсек, 2002-жылы болгон Аксы окуясында жалпы 7 адам каза болуп, ондогон адам жаракат алган.