"Жол кырсыгынан каза болгон агам тууралуу “айдоочулук күбөлүгү жок болчу” деген маалымат жалган" дейт маркумдун иниси Эрлан Мырзалиев   

"Мындан бир жума мурун жол кырсыгына кабылып, каза болгон бир тууган агам тууралуу “айдоочулук күбөлүгү жок болчу” деген маалымат жалган. Бул тууралуу 21-апрель күнү жол кырсыгынан каза тапкан Руслан Мырзалиевдин иниси Эрлан Мырзалиев бүгүн, 30-апрелде билдирди.

“Агам Мырзалиев Руслан кырсыкка кабылып, каза болгон соң, айрым маалымат булактары ал тууралуу "айдоочулук күбөлүгү жок болгон" деген маалыматты таратып жиберишти. Анын айдоочулук күбөлүгү да, унаанын техникалык паспорту да бар болчу. Кырсык болгондо кесиптеши жоголуп кетпесин деп документтерин алып коюптур. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, минтип андан айрылып калдык. Агамдын жанындагы жүргүнчү анын сүйлөшүп жүргөн кызы эле. Бир айдан кийин үйлөнөбүз деп даярданып жатышкан. Каза болгондон кийин агамдын артынан жаман сөз калышын каалабай, документи болгондугун тастыктап келдим”,- деди Эрлан Мырзалиев.

Эске сала кетсек, 21-апрель күнү саат 20:30 чамасында Чүй проспектинде жол кырсыгы катталган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы Хонда Одиссей унаасы менен кагышып кетүүдөн качып, жол жээгиндеги бетон түркүктү сүзүп алган. Анын кесепетинен унаадагы 25 жаштагы жүргүнчү кыз жана айдоочу каза тапкан эле. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulirka
2014-04-30 12:49:10
ииии(((( жаткан жери жайлуу болсун((((
+2
Desmond
2014-04-30 13:02:22
Менин аяш акем болчу да (((((
жаткан жери жайлуy болсyн!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан