Жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоорун тийиштүү комитет 3-окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде бүгүн, 29-апрелде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы ачыктыгы менен жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, мыйзам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын башкаруучу жана административдик ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыкты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда колдоого ээ болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан