КРнын Президенти Алмазбек Атамабев Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча башкы директору Ли Юнду кабыл алды. Бул тууралуу 29-апрелде президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда Кыргызстан менен өнөр жай тармагындагы кызматташууну бекемдөө маселелери каралды. Өлкө башчы мамлекеттин келечектеги интеграциялык процесстерге болгон кадамдары республика аймагындагы өнөр жайды өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталганын айтты.
“Биздин алдыбызда чакан жана ири ишканаларды өнүктүрүү маселелери турат. БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү бөлүмүнөн колдоо көрсөткөнүңүзгө ыраазычылык билдиребиз”,- деди Атамбаев.
Ли Юн мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирип, КРнын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясынын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.